Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү мененNOSTALGIE Praha, 2014 - 292 pages Обол чех тилинде, анан орус тилинде жарык көрүп, эми кыргыз тилинде тартууланып жаткан китепте 1917–1937-жылдары Кыргызстанда совет бийлиги кандай баа менен орногонуна башкы көңүл бурулат. Коомдо болгон чоң өзгөрүүлөр кызыл репрессияны баштан кечиргендер, алардын балачакаларынын аңгемелери, архивдик документтер жана фотосүрөттөр менен чагылдырылат. Эмгек Советтик Кыргызстан түзүлгөнгө чейинки Борбор Азиядагы саясый-экономикалык жагдай, орус падышачылыгынын тымызын баскынчылык саясаты, Кыргызстандын аймагына орустардын отурукташуусу, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себептерин да камтыйт. |